Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

Франция: Ниццадагы чиркөөдө кол салууда үч киши каза болгону кабарланды


29-октябрда Франциянын Ницца шаарында чиркөөдө болгон кол салуудан бери дегенде үч киши каза тапты. Алардын бирөө мыкчаачылык менен өлтүрүлгөнү кабарланды. Полициянын маалыматы боюнча, бычак менен куралданган адам эки кишини дароо өлтүрүп, үчүнчүсү чиркөөнүн жанындагы барга качып барып, ошол жактан оор жаракаттан жан берди. Дагы бир нече адам жарадар болду. Француз прокуратурасы терроризм боюнча териштирүү баштады.

Ниццанын мэри Кристан Эстрози «Твиттердеги» баракчасына кол салуу шаардагы Норт-дам чиркөөсүнүн жанындагы болгонун жазды.

Полиция кылмышка шектүүнү кармоо учурунда ал жарадар болуп, ооруканага жеткирилди.

Ички иштер министри Жералд Дарманэн чукул жыйын чогултту. Парламент бейкүнөө каза болгондорду эскерди. Окуя болгон жерге президент Эммануэл Макрон жөнөп кеткени кабарланды.

Ниццадагы окуя Парижде мектеп мугалими Самюэл Пати ырайымсыздык менен өлтүрүлгөндөн эки жума өтпөй болуп жатат. Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги туралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга «Charlie Hebdo» журналы баскан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөнү себеп болгону айтылган. Бул үчүн 18 жаштагы чечен улутундагы жигит кармалган.

Бул ырайымсыз кылмыш франциялыктардын үрөйүн учуруп, диний терроризм боюнча талкууларды баштаган.

Дал ушул окуяга байланыштуу Франциянын президенти Эммануэл Макрондун билдирүүлөрүнөн соң Түркиянын президент Режеп Тайып Эрдоган менен кайым айтыш орун алган.

XS
SM
MD
LG