Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

Бишкектин дагы бир вице-мэрлигине ишкер Жамалбек Ырсалиев келди


Жамалбек Ырсалиев.
Жамалбек Ырсалиев.

Бишкек шаарынын мэриясынын турак жай, коммуналдык чарба маселелерин тейлеген вице-мэрлик кызматына Жамалбек Ырсалиев дайындалды. Мэрия кабарлагандай, тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Жамалбек Ырсалиев ишкер, мурда Бишкек шаардык кеңешинде депутат болгон.

29-октябрь эртең менен биринчи вице-мэрликке Алмаз Бакетаев, социалдык саясатка жооптуу вице-мэрликке Айжан Чыныбаева келген. Бакетаев Нариман Түлеевдин ордун, Чыныбаева Виктория Мозгачёванын ордун басты.

Мэрдин турак жай, коммуналдык чарба маселелерин тейлеген орун басары Алымбек Абдылдаев менен социалдык саясатка жооптуу вице-мэр Виктория Мозгачёва 27-октябрда кызматтан бошотулган.

Ал эми куруу жана муниципалдык менчик тармагын тейлеген вице-мэр Уланбек Азыгалиев менен транспорт тармагын тейлеген вице-мэр Азизбек Алымкулов өз ордунда иштеп жатышат.

Бишкек мэринин биринчи вице-мэрден тышкары төрт орун басары бар.

Балбак Түлөбаевди жаңы мэр шайланып келгенче милдетин аткаруучу кылып 27-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров дайындаган.

Түлөбаев 2018-жылы Бишкек мэриясынын аппарат башчысы, 27-июлдан тартып өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан.

20-октябрда Азиз Суракматов кызматынан өз каалоосу менен кетип, ордуна вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеевди калтырып кеткен. Буга байланышкан нааразылык акциялары 27-октябрга чейин созулду. (ErN)

XS
SM
MD
LG