Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Ниццадагы чиркөөдө кол салуу үчүн шектүү киши аныкталды


Ниццадагы чиркөө.
Ниццадагы чиркөө.

29-октябрда Ниццадагы католиктердин чиркөөсүндө үч кишини бычактоо үчүн шектүү 21 жаштагы тунистик Брахим Ауисауи экени аныкталды. Ал сентябрь айынын аягында Италиянын Лампедуза аралына кайык менен келгени кабарланды. Октябрда Италиядан чыгып кетүү тууралуу эскертүү алып, Францияга оогон. Бул тууралуу AFP агенттиги кабарлады.

Шектүүнүн жанында паспорту болгон эмес, бирок Италиядагы Кызыл чырым уюму тарабынан берилген документтер болгон.

Лампедуза – Италиядагы качкындарды кабыл алуучу башкы борборлордун бири.

Паромдогу карантинден соң, Ауисауи Италиянын Бари шаарына 9-октябрда келгенин «The Guardian» басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Тунистен качып келгендердин көптүгүнөн улам, Италия бийлиги аларды кайра мекенине кайтарбайт, өлкөдөн чыгып кетүүнү гана талап кылат.

Мындай эскертүү алган Ауисауи Францияга мыйзамсыз өтүп кеткен. Ал жакта качкын макамын сураган эмес. Тергөө иштерине Тунис бийлиги да кошулганын «Reuters» жазды. Шектүү кандайдыр бир террордук уюмга катышы бар-жогу азырынча белгисиз.

Агенттиктер маалымдагандай, Тунисте «Аль-Каиданын» түйүнү бар.

2020-жылы Европа полициясы мыйзамсыз миграциянын артында террордук уюмдар турары аныкталбаганын өзүнүн баяндамасында жазган. Бирок БУУнун эксперттик комитети мындай болушу ыктымал экенин белгилеген.

Бейшемби күнү Ниццада бычак менен куралданган киши чиркөөдө адамдарга кол салган. Анын жыйынтыгында үч адам каза болду.

Бул кылмыш теракт катары териштириле баштады жана шаардагы бардык чиркөөлөр жабылды.

XS
SM
MD
LG