Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Женевада Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүүлөр башталды


Тоолуу Карабак аймагы. 30-октябрь, 2020-жыл.
Тоолуу Карабак аймагы. 30-октябрь, 2020-жыл.

Швейцариянын Женева шаарында Азербайжандын, Армениянын жана эл аралык арачылардын катышуусу менен Тоолуу Карабакка байланыштуу сүйлөшүүлөр башталды. 30-октябрда Армениянын тышкы иштер министри Зограб Мнацаканян Минск арачылар тобуна кирген Орусиянын, Франциянын жана АКШнын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жргздү. Аны улай Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов да жогорудагы үч өлкөнүн дипломаттары менен өзүнчө жолугушуу өткөрөрү кабарланган.

Азырынча армян-азери дипломаттары бетме-бет жолугуп сүйлөшөрү белгисиз. Женевадагы диалог бир күн эрте уюштурулары пландалган. Бирок Тоолуу Карабакта кайрадан жаңы кагылышуулар болгондуктан жыйын кечеңдеди.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныган, бирок иш жүзүндө Ереван колдогон армяндар көзөмөлдөгөн Тоолуу Карабакта 27-сентябрдан бери чатак токтобой келет. Андан бери жүздөгөн адамдар мерт болгону кабарланганы менен курмандыктардын так саны белгисиз.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениядан Карабакты жана аймактын чекесиндеги армян күчтөрү көзөмөлдөгөн жети районду азери тарапка кайтарып берүүнү талап кылып жатат. Армян тарап бул аймакты тарыхый мекенинин бир бөлүгү деп эсептеп, Карабактан чыгып кетпей турганын, бул чөлкөмдүн калкы коргоого муктаж экенин белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG