Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

УКМК Ташиевдин Жапаровду камоо тууралуу жазганын төгүндөдү


Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров.
Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз борбору 31-октябрда билдирүү таратып, мекеменин жетекчиси Камчыбек Ташиевдин Садыр Жапаровду камоо тууралуу пикир жазганын төгүндөдү.

Мекеме мунун «фейк» экенин, жалган маалымат тараткан адамдардын жоопкерчилиги мыйзамдарда каралганын эскерткен.

Мунун алдында Камчыбек Ташиевдин «Фейсбуктагы» баракчасына окшош аккаунттан жазылган посттун скриншоту тараган. Андагы текстте «Садыр Жапаров оюн улам өзгөртүп турат, эгер коррупционерлерди кызматка коё берсе аны жеке өзүм камайм» жазылган.

Аккаунт Ташиевдин реалдуу баракчасындагы сүрөтү менен жасалгаланган, муну айрымдар анын пикири катары кабыл алып, бөлүшүп жиберишкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG