Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:07

Өкмөт өкүлчүлүгү Тилек Матраимовдун кызматта иштеп жатканын четке какты


Тилек Матраимов.
Тилек Матраимов.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы «Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов кайра ордунда иштеп жатат" деген маалыматты төгүндөдү.

«Азаттыкка» ал Матраимов премьер-министр Садыр Жапаровдун 16-октябрдагы буйругунун негизинде кызматтан бошотулганын, аны кайра кайтып келди деген сөз жалган экенин айтты.

Тилек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов «Фейсбуктагы» баракчасына иниси ишке чыкпаганын, эки тараптуу пневмония менен ооруп жатканын жазды.

Мунун алдында «Фейсбуктун» айрым колдонуучулары Тилек Матраимов абактан чыкканына карабай иш ордуна кайтып барып, кадимкидей иштеп жатканын жазышкан. Буга далил катары анын иш бөлмөсүнүн сыртында аты-жөнү жаңылап коюлган жазуунун сүрөтүн жарыялашкан.

Тилек Матраимов өзү парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган. Кийин ал жана анын туугандары, жансакчысы 6-октябрда Өзбекстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалганы кабарланган.

9-октябрда Өзбекстандын Чек ара кызматы эки өлкөнүн чек арасынан өтүүгө аракет кылган Тилек Матраимовду, Зиябиддинбек Кочкорбаевди, Махсуд Ахмедовду Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө өткөрүп бергени маалым болгон. Ошол эле күнү Ош шаардык сотунун чечими менен Тилек Матраимов бир айга камакка алынган. 13-октябрда Ош облустук соту аны үй камагына бошоткон.

Тилек Матраимов сегиз жылдан бери Кара-Суу районун башкарып келген. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы. (ErN)

XS
SM
MD
LG