Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Грузия: Парламенттик шайлоодо добушканаларда он чакты мушташ катталды


Грузия. Тбилисинин Глдани району. 31-октябрь, 2020-жыл.
Грузия. Тбилисинин Глдани району. 31-октябрь, 2020-жыл.

Грузиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 31-октябрдагы парламенттик шайлоонун жүрүшүндө катталган алты окуя боюнча иликтөө баштады. Бул тууралуу министрдин орун басары Нино Цациашвили журналисттерге кабарлады.

Милиция активисттин, талапкерлердин сабалышы жана тирешүүлөр тергелип жатканын маалымдады.

Мындан кийин эле Тбилисинин Глдани районундагы добушканада эки партиянын тарапкерлеринин ортосунда массалык мушташ болгону кабарланды. Дагы башка жерлерде талапкерлер атышуу болгонун билдирип жатышат.

31-октябрда Грузияда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 48 партия жана эки блок катышууда.

Шайлоочулар 150 депутатты, 120сын пропорционалдык системада, 30ун мажоритардык системада шайлашы керек. Шайлоодо 1% добуш алган партиялардын бардыгынын өкүлдөрү парламентте орун алышат.

Грузияда жалпы 3 657 добушкана уюштурулган, 11 шайлоо тилкеси ар кандай учурлар үчүн кошумча ачылган. 127 тилке коронавируска кабылгандар үчүн ачылды. Мындан сырткары 38 өлкөдө 52 добушкана бар.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, жалпы 3 526 023 шайлоочу катталган.

Грузияда быйыл бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүлөрүн кийин шайлоо мыйзамдары реформаланып, 2020-жылдагы шайлоодо парламентке өтүү босогосу 1% түшүрүлгөн. Буга чейин босого 5% түзгөн. Ошондой эле 150 депутаттын 30у гана мажоритардык округдардан шайланмай болгон. Акыркы чакырылышта 77 депутат партиялык тизме менен, 73 депутат мажоритардык округдардан шайланып келишкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG