Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКга кошуу ниетин билдирди


Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Баткенде иш сапарда, 2-ноябрь, 2020-жыл.
Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Баткенде иш сапарда, 2-ноябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кошуш керек деп эсептейт. Жапаров Баткендеги иш сапарында: «Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКга өткөрүп беребиз деген планыбыз бар», - деп билдирди.

Ошондой эле Жапаров чек арадагы маселелерди коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүү аркылуу чечерин белгиледи.

Садыр Жапаров Баткен облусуна 2-ноябрда барып, Бакай айылына жакын Көк-Таш - Ак-Сай – Тамдык жолунун курулуш иштерин көрүп чыкты.

Учурда УКМКны Садыр Жапаровдун досу саналган экс-депутат Камчыбек Ташиев башкарып жатат. (TSh/AiA)

 

XS
SM
MD
LG