Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Эдвард Сноуден орус жарандыгын алууга арыз берди


Эдвард Сноуден.
Эдвард Сноуден.

АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Орусия жарандыгын алууга арыз жазганын «Твиттердеги» баракчасында кабарлады.

«Бир канча жыл ата-энебиз менен көрүшө албай жашаган соң аялым экөөбүз балабыздан бөлөк жерде жашагыбыз келбейт. Ошондуктан, пандемия жана чек аралар жабылган шартта орус-америка кош жарандыгын алыш үчүн арыз бердик», деп жазды Сноуден.

Ал жубайы Линдси Миллс экөө америкалык катары кала берерин жана баласын америкалык баалуулуктар боюнча тарбияларын жазды.

Америкалык атайын кызматтын келишим боюнча иштеген мурдагы кызматкери Сноуден 2013-жылдын жайында АКШ менен Британиянын купуя маалыматтарын Интернетке жарыялап жибергенден кийин мекенинен качып кетип, Орусиядан убактылуу башпаанек тапкан. Ага Кошмо Штаттарда тыңчылык боюнча айып коюлган. Мындай айыптар менен Сноуден АКШда 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин президент Дональд Трамп Сноуденге ырайым бериши мүмкүн экенин ишарат кылган. Ошондой эле Сноуден Франциядан баш калка сураган.

XS
SM
MD
LG