Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Курсан Асановдун тарапкерлери нааразылык акциясына чыгышты


Курсан Асановдун тарапкерлери Бишкекте, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын алдында митингге чыгышты. 31-октябрь, 2020-жыл.
Курсан Асановдун тарапкерлери Бишкекте, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын алдында митингге чыгышты. 31-октябрь, 2020-жыл.

2-ноябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жүздөн ашык тарапкери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратынын жанында митинг өткөрүп, кийин Өкмөт Үйүнүн жанына келишти. «Kaktus Media» сайты жүктөгөн видеодо өзүн Тимур Сабырбеков деп тааныштырган жаран Асановду абактан бошотууну талап кылып жатышканын айтты.

«Эл чогулуп Курсан Асановго боштондук деген үнүн бийликке билгизип жатат», - деди Сабырбеков.

Асановдун тарапташтары 31-октябрда да нааразылык акциясына чыгышкан.

12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Курсан Асановду 10-декабрга чейин камакка алган. Ал 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда кармалган эле. Асанов УКМКнын тергөө абагында отурат.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана аны менен кошо камалгандардын тарапкерлери аларды абактан бошоткон.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митинг жети адамды жабыркаткан жаңжал менен аяктап, милиция кылмыш ишин козгогон. Абактан чыккандардын көбү кайра камакка алынып, айрымдарына издөө жарыяланды.

Башаламандык учурунда ошол кездеги ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кайда кеткени белгисиз болгон. Анын милдетин 6-октябрдан кийин Курсан Асанов аткарып жаткан. ИИМдин жеке курамы жетекчи катары министрдин кийинки орун басарлары убактылуу иш алып барышын талап кылып, 9-октябрда Асановду имараттан чыгарып коюшканы маалымдалган.

Курсан Асанов мурдараак Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, үй камагына алынган. Ага «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негизде айып коюлган.

Мындан тышкары ага каршы дагы эки иш козголгон. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан, мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлууда. Экинчиси боюнча, Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга байланыштуу айыптаган жалган маалыматтарды тараткан деп күнөөлөнүүдө. Асановдун үч ишин Биринчи май райондук соту бириктирип карап жатат.

Курсан Асанов депутаттыкка талапкер катары «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG