Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Cауд Арабиясы чет элдиктердин умрага келишине уруксат берди


Мекке.
Мекке.

Сауд Арабиясы чет элдиктерге кичи ажылык - умрага зыярат кылууга уруксат берди. Ушул жылдын февраль айында Сауд Арабиясы коронавирустан улам Мекке менен Медина шаарларына чет өлкөлүк зыяратчылардын кичи ажылыкка же умрага келишин чектеген.

1-ноябрдан тартып 20 миңдей зыяратчыга Меккедеги Чоң мечитке киргенге уруксат берилет. Сауд Арабиясына келген ар бир чет өлкөлүк жаран үч күн обочодо болуп, мечитке кирер алдында бардык санитардык эрежелерди сакташы зарыл. Азырынча 108 мамлекеттин жарандарына кирүүгө уруксат берилди. Алардын арасында Кыргызстан жок.

Өткөн айда бул өлкөнүн бийлиги өз жарандарына гана кичи ажылык амалдарын аткарууга уруксат берген.

Пандемия башталгандан бери падышачылыкта 347 миңдей адам коронавируска кабылып, беш миңден көп киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG