Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Көлбаевдин жактоочусу анын бөгөт чарасын кароо боюнча арызды кайтарып алды


Камчыбек Көлбаев.
Камчыбек Көлбаев.

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) бөгөт чарасын кароо боюнча сот жараяны токтотулду. Буга Көлбаевдин жактоочусунун шаардык сотко берген арызын кайра кайтарып алганы негиз болду. Бул тууралуу шаардык сот кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында кармаганын 22-октябрда кабарлаган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Көлбаев атайын кызматтын тергөө абагына камалган, бирок бөгөт чарасынын мөөнөтү аныкталган эмес. Көлбаевдин адвокаттары райондук соттун бул чечимине каршы арызданып, шаардык сотко кайрылышкан.

46 жаштагы Көлбаевди АКШ 2012-жылы дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Ошол жылы ал «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган» деген айып менен үч жылга соттолуп, 2014-жылы бошонуп чыккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG