Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

УКМК: Ошто кылмыштуу топтун 23 мүчөсүнүн үйү тинтилип, курал-жарак табылды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет криминалдын коомдук-саясий кырдаалга тийгизген таасиринин алдын алуу иштеринин алкагында кылмыштуу топтун 23 мүчөсүнүн жашаган жерин санкциянын негизинде тинтүүгө алып, курал-жарак тапты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Тинтүүнүн жыйынтыгында АК-47 үлгүсүндөгү эки мылтык, 12 мм. калибрдеги ТОЗ-34 маркасындагы бир кош ооз мылтык, оптикалык кароолу бар бир мылтык, белгисиз маркадагы колго жасалган мылтык, ТОЗ-16 маркасындагы бир мылтык, эки травматикалык тапанча, 32 мм. калибрдеги белгисиз курал, 15 бычак, жезден жасалган эки кастет жана көп сандагы ок табылып, алынды. Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топту жоюу боюнча иш жүргүзүп жатканын билдирди.

УКМК Жазык кодексинин 248-беренесинин 1-бөлүгү («Кылмыш кылыш үчүн уюшкан топ түзүү») боюнча сотко чейинки териштирүүгө алынган иштин негизинде Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топко каршы аракеттерди жүргүзүүдө.

ИИМдин буга чейин Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн үч кылмыштуу топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталганын маалымдаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG