Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

АКШда президенттик шайлоо башталууда


Америкалык жаран добуш бериш үчүн баратат.
Америкалык жаран добуш бериш үчүн баратат.

Бүгүн АКШда соңку жылдардагы эң маанилүү болуп саналган президенттик шайлоо өткөнү жатат. Пандемиялык кырдаалда өткөн добуш берүүдө таптакыр эки башка көз караштагы талапкерлер президенттикке ат салышууда.

Республикалык партиядан соңку төрт жылда Кошмо Штаттарды башкарып, өзүнө таандык консервативдик көз карашты алдыга сүрөгөн Дональд Трамп чыкса, Демократиялык партиянын талапкери - мурдагы вице-президент Жо Байден.

Тажрыйбалуу саясатчы Байден коронавирусту жеңип, өлкөнү бириктирүүгө убада берүүдө. Добуш берүү Чыгыш жээктеги айрым штаттарда башталса, АКШнын көпчүлүк бөлүгүндө Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18.00дө башталып, өлкөнүн ар штатында ар башка убакта жыйынтыкталат.

Коронавирус күчөп жаткан шартта өлкөдөгү 97 миллиондон ашык адам алдын ала добуш берүү укугунан пайдаланды.

Бул жолу америкалыктар Кошмо Штаттардын президентин шайлашат. Жарандар штаттын калкынын санына жараша бөлүнгөн шайлоочулар коллегиясы аркылуу добуш беришет. Талапкер жеңишке жетиш үчүн шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болушу керек.

XS
SM
MD
LG