Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Венадагы кол салуудан каза болгондор төрт адамга жетти


Венадагы кол салуудан соң. 2-ноябрь, 2020-жыл.
Венадагы кол салуудан соң. 2-ноябрь, 2020-жыл.

2-ноябрдын кечинде Австриянын борбору Венадагы чабуулдан кеминде төрт адамдын өмүрү кыйылды. Жергиликтүү медиа жарадар болгон 17 адамдын ичинен жетидей бейтаптын абалы оор экенин кабарлап жатат.

Куралчан адамдар Венанын алты аймагында, анын ичинде шаардын борборундагы синагоганын жанында жайкын тургандарга ок ата баштаган. Чабуул Австрияда коронавируска байланыштуу карантин башталарына бир нече саат калганда, ресторандар жабыла элек кезде болгон. Полиция «куралчан бир нече адам» кол салганын маалымдаганы менен азырынча алардын так саны белгисиз.

Австриянын канцлери Себастьян Курц бул окуяны «жийиркеничтүү террордук чабуул» деп атап, кылмышкерлер катуу даярданышканын белгиледи.

Ички иштер министри Карл Нехаммер чабуул койгондордун бирин полиция атып өлтүргөнүн, анын террордук уюмга тиешеси бар экенин билдирди. Кийинчерээк министр шектүүнү Австриянын жана Түндүк Македониянын жарандыгын алып жүргөн 20 жаштагы киши деп мүнөздөгөнүн жергиликтүү APA маалымат агенттиги кабарлады.

Министрдин айтымында, кеминде 15 үйдө тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында бир нече адам кармалды. APA агенттиги Венадан 65 чакырым аралыктагы Санкт-Пөлтен шаарында эки киши колго түшүрүлгөнүн жазды.

Дүйнө лидерлери Венадагы бул чабуулду айыптап жатышат. Немис канцлери Ангела Меркел Германия «исламчыл террорчулукка» каршы күрөштө коңшу Австрияга тилектеш экенин айтты. Соңку апталарда бир нече чабуулдар болгон Франциянын президенти Эммануэл Макрон «француздар австриялыктардын кайгысын тең бөлүшөрүн» «Твиттерге» жазды. Мындан сырткары АКШнын, Орусиянын президенттери Австрияга көңүл айтышты.

XS
SM
MD
LG