Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 16:30

Манасчылык өнөрдү Гиннес китебине каттоо боюнча иш-чара өтөт


Дөөлөт Сыдыков.

Манасчылык өнөрдү Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында Бишкекте атайын акция өтөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» иш-чаранын уюштуруучусу, журналист Элнура Кулуева билдирди.

12-ноябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында айнектен жасалган боз үй тигилип, тийиштүү акустикалык аппараттар коюлуп, манасчы Дөөлөт Сыдыков сааттап «Манас» айтат.

Кулуева белгилегендей, акциянын максаты – кыргыздын «Манас» эпосун, манасчылык өнөрдү, анын уникалдуулугун, өзгөчөлүгүн дүйнө жүзүнө жайылтуу жана даңазалоо, элди биримдикке чакыруу.

«Мисалы, якуттар көмөкөй менен төрт саат 26 секунда ырдап Гиннес китебине киришиптир. Кыргызда жети түн, жети күн же үч түн, үч күн «Манас» айткандар болгон. Ушул уникалдуу өнөрдү 12 саатпы же 14 саатпы, 130 тилде чыгуучу Гиннес китебине киргизүүнү максат кылып жатабыз», - деди ал.

Гиннес китебине кирген рекорддор күнү жыл сайын ноябрь айынын орто ченинде өткөрүлөт. Кыргызстандык хирург Мамбет Мамакеевдин ысымы узак жылдардан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жаткан адис катары бул китепке кирген. Ошондой эле бешбармак тамагы бир жасалганда 1,5 миң килограмм даярдалып, рекорд деп аталган. Бул китепте кыргыз каскадеру Үсөн Кудайбергеновдун да ысымы бар. Ал 1980-жылы тартылган “Генийдин жаштыгы” кинотасмасында аргымак менен 27 метр бийиктиктеги аскадан сууга боюн таштап, бул трюгу Гиннес китебине жазылган.(RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG