Кошмо Штаттардын башкы медиа каражаттары айрым штаттардагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялай башташты. «Америка добушу» радиосунун интерактивдүү картасы көрсөткөндөй, республикачылардын талапкери, президент Дональд Трамп Кентуккиде алдыга чыгып, бул штаттагы шайлоочулар коллегиясынын сегиз мүчөсүнүн добушуна ээ болору болжонууда.
Демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден Вермонт штатында алдыга суурулуп чыкканы маалымдалды. Бул штатта шайлоочулар коллегиясынын үч мүчөсү бар.
Өлкө боюнча шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.
Бирок АКШнын чыгышындагы добушканалар жабылган штаттарда бюллетендердин баары саналып бүтө элек.
Бишкек убактысы боюнча саат 6:30да Түндүк Каролина, Батыш Виргиния жана Огайо штаттарында добуш берүү жыйынтыкталды. Ага чейин Индиана, Кентукки, Түштүк Каролина, Вермонт жана Виргиния штаттарында да добушканалар жабылган.