Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 10:58

АКШнын 15тен ашуун штатында ким алдыга чыкканы белгилүү болууда


Нью-Гэмпширдеги шайлоочу. 3-ноябрь, 2020-жыл.

АКШдагы негизги маалымат каражаттары кеминде 15 штаттагы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялашты. Ага ылайык, ушул сааттарда республикачылардын талапкери, президент Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын 63 мүчөсүнүн добушуна ээ болууда. Демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден шайлоочулар коллегиясындагы 74 добушту топтогону кабарланууда.

Өлкө боюнча шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

Трамп Алабама, Арканзас, Кентукки, Луизиана, Миссисипи, Оклахома, Теннеси, Батыш Виржиния (Виргиния) штаттарында алдыга чыгууда. Жо Байден Вермонт, Род-Айленд, Нью-Йорк, Нью-Жерси, Массачусетс, Делавэр, Коннектикут штаттарында атаандашын артка калтырганы белгилүү болууда.

Республикачыларды же демократтарды шайлоо сайын колдоп келген бир топ штаттардан айырмаланып, Флорида баштаган бир канча штаттардын кимге добуш берери белгисиз бойдон турат. Флоридада алдыга чыккан талапкер шайлоочулар коллегиясындагы 29 добушка ээ болот.

Азырынча бир топ штатта добуштардын баары саналып бүтө элек. Бул жолу АКШда коронавирус пандемиясынан улам 100 миллиондой шайлоочу алдын ала добуш берди.

XS
SM
MD
LG