Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Зулушев: ИИМ менен УКМКнын мурдагы жетекчилеринин жоопкерчилиги каралат


УКМКнын жана ИИМдин мурдагы жетекчилери Орозбек Опумбаев, Кашкар Жунушалиев.
УКМКнын жана ИИМдин мурдагы жетекчилери Орозбек Опумбаев, Кашкар Жунушалиев.

Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурунку жетекчиси Орозбек Опумбаев кызмат ордун таштап кеткени үчүн алардын жоругуна юридикалык баа берилет. Бул тууралуу 4-ноябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттерге басма сөз жыйынында билдирди.

«5-6-октябрдагы тополоң боюнча сотко чейинки иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. Мунун алкагында Опумбаев менен Жунушалиевдин жоопкерчилиги жалпы иштин негизинде тергелип жатат. Эгер жогоруда аты аталган эки жетекчи кызмат ордун таштап кеткени тууралуу белгилер болсо, анда сөзсүз түрдө өзүнчө катталып, иш козголот. Азыр алардын кайда экени укук коргоо органдарына белгисиз», - деди Зулушев.

Кубатбек Боронов баштаган министрлер кабинетинин отставкасын парламент депутаттары «Достук» мейманканасында 6-октябрдагы жыйында кабыл алышкан.

9-октябрда ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Орозбек Опумбаевди УКМКнын төрагасынын кызматынан бошоткон.

2-ноябрда Баткенде эл менен жолугушуу учурунда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 5-октябрдагы тополоңдо каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулу жөнүндө суроого жооп берип жатып, УКМК менен ИИМдин мурдагы жетекчилери изделип жатканын билдирген. (MiK)

XS
SM
MD
LG