Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Венадагы кол салууга шектүү катары дагы 14 адам кармалды


Австриядагы полиция кызматкерлери.
Австриядагы полиция кызматкерлери.

Полиция 3-ноябрда кылмышкерлерди издөө уланып жаткандыктан калаа тургундарын көчөгө чыкпоого чакырды. Шектүүлөр кандай жагдайда кармалганы жөнүндө кеңири маалымат бериле элек.

Дүйшөмбү күнү кечинде коюлган чабуулдан төрт киши каза болуп, дагы 22 адам жабыркаган. Полиция шектүүлөрдүн бирин кармоо учурунда атып өлтүргөн болчу.

Каза болгон 22 жаштагы теги түндүк макендониялык Австрияда туулган Куйтим Фейзулла аттуу адам экени кабарланды. Ал өткөн жылы апрелде «Ислам мамлекети» террорчул тобуна кошулуш үчүн Сирияга кеткени жатканда кармалып, 22 айга камалган. Былтыр декабрда мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Австриянын ички иштер министри Карл Нехаммер шектүү жалган маалыматтардын негизинде сот адилеттигин алдап эркиндикке чыкканын билдирди.

«Ислам мамлекети» террорчул тобу Австриядагы акыркы кол салуу үчүн жоопкерчилик аларын өз маалымат агенттиги аркылуу билдирген. Бирок эч кандай далил келтирген жок.

Австриянын канцлери Себастьян Курц бул окуяны «жийиркеничтүү террордук чабуул» деп атап, кылмышкерлер катуу даярданганын билдирген болчу.

2-ноябрда куралчан адамдар Венанын алты аймагында, анын ичинде шаардын борборундагы синагоганын жанында жайкын тургандарга ок ата баштаган. Полиция «куралчан бир нече адам» кол салганын маалымдаганы менен алардын так саны азыркыга чейин белгисиз.

XS
SM
MD
LG