Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Ошто Садыр Жапаровго кайрылган жаран Өмүрзаков кысымга алып жатканын айтып чыкты


Солдо Канназар Ыдырысовдун үйүнө келгендер, оңдо Ыдырысов.
Солдо Канназар Ыдырысовдун үйүнө келгендер, оңдо Ыдырысов.

3-ноябрь күнү президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен Оштун тургундарынын жолугушуусунда Канназар Ыдырысов аттуу жашоочу «Өмүрзаковдор» акчалуу кишилерден үлүш алып жатканын айтып, Жапаровго кайрылган. Ал бүгүн Улукбек Өмүрзаков тарабынан кысымга кабылганын «Азаттыкка» билдирди.

Ыдырысовдун айтуусунда Өмүрзаковдун «Мухаммед-Умар» спорт клубунда машыккан жигиттер жана милиция кызматкерлери анын үйүн курчоого алып, издеп жүрүшөт.

«Бир нече машине менен Улукбек Өмүрзаковдун балдары үйүмү ороп алып турушат. Мен алардын анча-мынчасын таанып калганмын. Коопсуздугума кыжаалат болуп турам. «Жапаровго арыздандың, Жапаров көп болсо эки ай туруп кетет. Олтурганда да ээрге кыйшык олтурду. Сени менен эки айдан кийин сүйлөшөбүз» деп айтып жатышат. Бул кысым эмей анан эмне? Бул кысымдан жаман нерсе. Чакыруу кагазын да көрсөткөн жок. Булар документтери бар бандиттер да. Азыр ар жактан чалып жатышат. «Сен бекер сүйлөпсүң, сен башка жакка качып кет. Чет өлкөгө качып кет, акчаңды таап берели» деп».

Канназар Ыдырысов үйүнө барган кишилер Улук Өмүрзаковго жакын милиция кызматкерлери экенин кошумчалады. Ал Садыр Жапаров менен Оштогу элдин жолугушуусунда сөз сүйлөп, «Өмүрзаковдорго» таандык спорт клуб көмүр кендерин, жерлерди тартып алганын айткан.

Улукбек Өмүрзаковго «Азаттыктын» кабарчысы жоолуккан учурда Ыдырысовду жакшы тааный турганын айтып, анын кайрылуусу боюнча интервью берүүдөн баш тартты. (DU)

XS
SM
MD
LG