Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:27

Оштун тургуну «Абу-Сахий» ишканасы жөнүндө Жапаровго арызданды


Журналисттик иликтөөдөгү коллаж.
Журналисттик иликтөөдөгү коллаж.

Мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаровго Алай районунун тургуну Исабай Сулайманов кайрылып, бажыдагы коррупция жөнүндө айтып берди. Сулаймановдун пикиринде бажыда жүктөрдү документтештириш үчүн акча сураган көрүнүштөр жоюла элек. Ошондой эле ал бажыда артыкчылык берилип келген деп «Абу-Сахий» ишканасынын ишмердүүлүгүн коррупцияга байланыштуу айыптады.

«Угуп, билип жүрөсүз. 2007-жылдан бери «Абу-Сахий» деген мите курт пайда болгон. 2007-жылдан бери биздин эсептөөбүз боюнча Кытайдан Өзбекстанга 120 миңге жакын машине жүк өткөн. Бул жүк жалаң коррупциялык жол менен өткөн. Транзиттин эрежеси боюнча Кашкардан басылган пломба Ташкентте ачылышы керек. А булардыкы чек арадан бир ачылып, андан келип «Достуктагы» жабык терминалга түшөт. Ошол 120 миңдин бири да Өзбекстанга өткөн эмес. Кандай кылып документ жасайт, ким билет», - деди Сулайманов.

Ошондой эле Оштун тургуну Сулайманов кытайлык Абдукадыр ишкердин Кыргызстандагы шектүү ишмердүүгү жөнүндө арызданды.

«Кытайдын Абдукадыр деген уйгур ишкери Кыргызстанга машинелерин чыгарып, кыргыз номурларын алып шоопурларга каттамына 30 миң сом төлөйт. Өзү 3000 долларды чөнтөгүнө салып кетет. Муну жылга эсептесек 25 миң долларды алып кетет. Ооба, алар деле кыргыз шоопурлары, бирок бир каттамга 30 миң сом алса, бир жылда бир машине 40 каттам кылат. Бирок ошол 250 адамдын бир жылда Социалдык фондго которгон акчасы - бир миллион сом. Туура эсептесек жылына 45-50 млн. сом которуш керек болчу. Алар жалган отчёт кылышат. «"Абу-Сахий" алып чыккан жүктөрүнүн ар бирине 4600 доллардан алат» деп Саймаити айтканы - бул факты. Ал эми «Абу-Сахий» жүктүн документин өзгөртүп берет. Себеби, Өзбекстанда ага бажы төлөмдөрү аз болот. 120 миң машиненин ар биринен 4600 доллардан акча алса 500 млн. доллар акча болот», - деди алайлык тургун.

Буга Садыр Жапаров «бажы тармагындагы бардык коррупциялык иштер жөнүндө кабардармын» деп жооп берди. Ал жакында бажы тармагында коррупциялык иштерди тазалоо башталарын билдирди.

«Абу-Сахий» ишканасы Кытайдан Өзбекстанга товар ташыйт. «Абу-Сахий» фирмасынын товарларын мамлекеттик чек арадан тоскоолдуксуз өтүшүнө Райымбек Матраимов кепилдик берип турганы, ишкананын ээси Хабибулла Абдукадыр аттуу кытайлык жаран экени, анын карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы «Азаттыктын» жана өнөктөштөрүнүн иликтөө макалаларында көрсөтүлгөн. Иликтөөлөр ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

«Абу-Сахий» фирмасынын Кыргызстандын өкүлү «Тарим-Транс» ишканасынын жетекчиси Нурбек Керимбеков менен байланышууга мүмкүн боло элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG