Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:04

Кара-Сууда жүк ташыган айдоочулар «Абу-Сахий» ишканасынын автоунааларын мамлекетке өткөрүүнү талап кылышууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оштогу 100дөн ашуун жүк ташуучу айдоочулар бүгүн, 8-октябрь күнү Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы «Абу-Сахий» аттуу кытайлык ишкананын жүк ташуучу терминалында чогулушту.

Жүк ташуучулардын «Айдоочу» коомунун төрагасы Надир Токторов чогулганынын себебин «Абу-Сахий» ишканасына нааразылык менен байланыштырды. Анын айтымында, бул компания өзүнүн Кыргызстанда катталган автоунаалары аркылуу жергиликтүү айдоочулардын нанын тартып алган.

«Он жылдан бери булар биздин ишибизди тартып алып, жүк ташуу тармагын монополия кылып алышты, - деди ал. - Буга каршылык кылып, канча жолу кайрылганбыз. Бул компаниянын машинелери мамлекетке өткөрүлсүн. Кыргызстандын жүгүн ташуу менен миллиондогон акча уурдап келди. Акыркы жети-сегиз жылда буларды Матраимовдор башкарып келди. Сырттан жүк алып кирүү, транзит жүк ташуунун баарын ушулар жүргүзүп турган. Эми баары ачык болушун талап кылабыз. «Айдоочу» коому эми бул ишкананы дагы башка бирөө келип, башкарып алышын каалабайбыз. Ошондуктан ишкананын кароолчусу менен ар бир машинаны белгилеп атабыз. Бул автоунааларга эми биз кароолчулук кылабыз да, аларды мамлекетке өткөрүп беребиз».

Айдоочулар мындан ары жүк ташуу тармагына бир үй-бүлө же бир адам ээлик кылбай, аны мамлекет колуна алууга тийиш деп эсептешет. Кабарчыбыздын маалыматы боюнча учурда ишканада кароолчудан башка эч ким жок, жетекчилери, кызматкерлери кайда экени белгисиз.

«Абу-Сахий» ишканасы Кытайдан Өзбекстанга товар ташыйт. «Абу-Сахий» фирмасынын товарларын мамлекеттик чек арадан тоскоолдуксуз өтүшүнө Райымбек Матраимов кепилдик берип турганы, ишкананын ээси Хабибулла Абдукадыр аттуу кытайлык жаран экени, анын карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы «Азаттыктын» иликтөө макалаларында көрсөтүлгөн. Иликтөөлөр ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

«Абу-Сахий» фирмасынын Кыргызстандын өкүлү «Тарим-Транс» ишканасынын жетекчиси Нурбек Керимбеков менен байланышууга мүмкүн боло элек. (ErN/ZKo)

XS
SM
MD
LG