Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Өкмөттүн аппарат жыйынын вице-премьер өткөрдү


Кыргызстандын Өкмөт Үйү.
Кыргызстандын Өкмөт Үйү.

8-октябрда кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын бөлүм башчылары менен онлайн жыйын өтүп, аны вице-премьер-министр Эркин Асрандиев алып барды. Жыйында бардык кыйынчылыктарга карабай мамлекеттик органдар ишин улантары, бардык жетекчилер, кызматкерлер ырааттуу иштеши жана жумуш ордун таштап кетпеши керек экендиги белгиленди. Бул коронавирус коркунучу, тышкы карызды төлөө, кышка даярдык өңдүү өкмөт колго алчу маселелер менен байланыштырылды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 7-октябрдан тартып бардык министрликтер, өкмөттүк мекемелер ишин жандантты. 7-8-октябрь күндөрү айрым министрлер, алардын орун басарлары, шаар мэрлери, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү да кайра өз кызматтарына кайткан.

6-октябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгүнүн катышуусунда жыйын өтүп, анда премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арызын көрсөтүп, ордуна Садыр Жапаровдун талапкердиги көрсөтүлгөн. Кубатбек Бороновдун арызын президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алган-албаганы тууралуу маалымат жок.

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Бир катар жергиликтүү бийликтин, мамлекеттик органдардын жетекчилери кызмат ордунан кетүү жөнүндө арыз жазышкан.

Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG