Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

COVID-19: Бир суткада төрт киши каза болду


Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен төрт киши кайтыш болду.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 8-октябрдагы маалыматына караганда, алардын экөө Баткенде, бири Ош облусунда, бирөө Бишкекте катталды. Бул августтан бери коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча эң жогорку көрсөткүч.

Вирус жугузуп алгандан кийин каза болгондор буга чейин күн сайын 1-2 киши болсо, 7-октябрда бир суткада үч киши кайтыш болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери вирустун курмандыктары 1073 кишиге жетти.

Акыркы күндөрдө коронавирус жугузуп алгандар да көбөйүп жатканы байкалууда. Соңку бир суткада вирус дагы 245 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.

XS
SM
MD
LG