Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 12:42

Парламент имаратын депутаттардын эсебинен оңдоо боюнча демилге көтөрүлдү


Президенттик администрация менен парламенттин өрттөлгөн имараты. 6-октябрь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңеште 6-октябрдагы тополоңдо талкаланган парламент имаратынын чыгымын эсептөө боюнча мекеме аралык комиссия түзүлдү. Ал комиссияны вице-спикер Мирлан Бакиров жетектейт. Төрага Талант Мамытов имарат ичиндеги кеңселерди депутаттар өздөрү оңдосун деген демилге бар экенин билдирди.

«Жалпы чыгым аныкталып бүткөндөн кийин канчасын өзүбүздүн кызматташтар оңдойбуз деп демилге кылып жатышат. Макул болгон депутаттарга өз кеңселерин оңдоого берип, эртерээк ишке чыгабыз. Ошол эле учурда оңдоп берели деген демөөрчүлөр да чыгып жатат», - деди Мамытов.

Бишкекте 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы нааразылык акциясы өтүп, 6-октябрга караган түнү президенттин жана парламенттин имараты талкаланган. Депутат Акылбек Жапаров оңдоо иштерине 450 миллион сом кетерин айткан, бирок кийин президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров анын сөзүн четке кагып, 10 миллион сомго жетпеген акча талап кылынарын билдирген. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG