Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Пандемияда каза болгон 84 дарыгердин 28ине кенемте төлөндү


Коронавирус оорусу октябрь айынан бери күчөдү.
Коронавирус оорусу октябрь айынан бери күчөдү.

Парламент депутаты Эмил Токтошев 5-ноябрдагы жалпы жыйында «кызыл зонада» иштеген дарыгерлер убада берилген кенемтени ала албай жатканын айтып чыкты. Депутатка саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев жооп берип, дарыгерлердин кенемте акчасы боюнча толук маалымат берди. Анын айтымында, акыркы маалымат боюнча пандемия маалында каза болгон 84 дарыгердин ичинен 28инин жакындарына бир млн. сомдон кенемте берилди.

«200 миң сомдук кенемте алыш үчүн 2 300 медицина кызматкеринен арыз түштү. Анын ичинен 477сине төлөндү. Анткени бул жерде жети пункттан эпидемиялык иликтөөнүн негизинде кенемте берилет. Каза болгон дарыгерлердин саны 84 кишиге жетти. Алардын 41и боюнча кайрылуу түшүп, 28 адамдын жакындарына 28 миллион сом төлөндү. Алгач 50 млн. сом бөлүнгөн. Андан кийин 178 млн. сом бөлүндү. Элден 138 млн. сом бөлүнгөн. Ал каражаттан алты млн. сомдой калды», - деди Каратаев.

5-ноябрда үч медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан беш, үй карантининен 10 медкызматкер айыгып чыккан. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 3 634 медкызматкер аныкталган, алардын ичинен 3387 медкызматкер сакайып кетти. (TSh)

XS
SM
MD
LG