Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:27

Грекияда жалпы өлкө боюнча кайрадан карантин жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Грек өкмөтү 7-ноябрдан 30-ноябрга чейин жалпы өлкө боюнча дагы карантин киргизди. Ага ылайык эми жарандар олуттуу себеби болсо гана, санарип өткөрмө менен сыртка чыга алышат жана бардык жерде беткап кийип жүрүшү керек. Премьер-министр Кириакос Мицотаки бул чараларды өлкөдө оорунун жайылышы басаңдабай жатканы менен түшүндүрдү.

Өкмөт башчы карантиндин айынан ишинен айрылган жана айлык албай калган жарандарга мамлекеттин эсебинен 800 евро өлчөмүндө жардам берүүгө убада берди. Бул кошумча акча жумушсуздарга да берилмекчи.

Коронавирустун экинчи эпкининин айынан, Европа Биримдигиндеги өлкөлөр биринен сала бир карантин киргизип, өзгөчө абал жарыялап жатат.

Дүйшөмбүдөн тартып Германиянын айрым жерлеринде карантин башталды жана ал бери дегенде бир айга созулат. Португалия, Польша сыяктуу мамлекеттерде түнкү коменданттык саак киргизилди.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, пандемия башталганден бери коронавирус 48 миллиондон ашык адамга жугуп, 1,2 миңден ашуун бейтап жан берди. Эксперттер бир катар себептерден улам бул сан алда канча көп болушу ыктымал экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG