Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Песков: Орусия АКШдагы шайлоо боюнча пикирин азырынча билдирбейт


Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Орусия АКШдагы президенттик шайлоо боюнча азырынча өз пикирин билдире албайт. Бул тууралуу 5-ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков айтты. Ал шайлоонун жыйынтыгы так анык болбой жатканы дүйнөлүк экономикага өз кесепетин тийгизиши ыктымал экенин белгиледи:

«Албетте, дүйнөдөгү эң күчтүү экономикага ээ болгон эң ири өлкөлөрдүн биринде так жыйынтык белгилүү боло элек экендиги биринчи кезекте дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизиши ыктымал. Мындай абал канчага созулушу жана таасири канчалык орчундуу болушу мүмкүн экенин убакыт көрсөтөт».

Песковдун айтымында, шаршемби күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Беларустун президенти Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө АКШдагы абалды да талкуулады.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо 3-ноябрда өттү. Ага азыркы президент Дональд Трамп жана мурдагы вице-президент Жо Байден катышты. Жеңүүчү азырынча аныктала элек. Шайлоочулар коллегиясынын 270 добушуна бири да жете элек. (RK)

XS
SM
MD
LG