Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Нурлан Мотуев президенттикке талапкер болууга арыз тапшырды


Нурлан Мотуев. Архив.
Нурлан Мотуев. Архив.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Нурлан Мотуев президенттикке талапкер болууга арыз тапшырганын маалымдады. БШКнын басма сөз кызматы арыз тапшырган жарандарды расмий талапкер кылып каттоодон мурун алар текшерилерин маалымдады.

2017-жылы августта Бишкектин Свердлов райондук соту Нурлан Мотуевди жети жылга эркинен ажыраткан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага «Терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо» жана «Улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

2018-жылдын ноябрь айында Мотуев күчөтүлгөн режимдеги №27 абактан №32 жатак абакка которулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ал жатак абакта турууга милдеттүү эмес экенин, шаарда ээн-эркин жүрүүгө укуктуу экенин билдирген.

Буга чейин БШКга президенттикке талапкер болуш үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Абыкаар Сыдыков, Бектур Асанов, Сазыкбай Турдумалиев, Канатбек Исаев, Назарбек Нышанов жана Кубан Чороев расмий арыз тапшырган.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, кийин бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Азыр президенттин милдетин башаламандык убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат.

Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган. 14-ноябрга чейин кызматын тапшырарын Жапаров 3-ноябрда билдирген. Ал БШКга арыз бере элек.

Президенттик чукул шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президенттикке талапкер болууну каалаган жарандар 15-ноябрга чейин БШКга арызын берип, 7-декабрга чейин бир миллион сом күрөө менен кошо тиешелүү документтерин толук тапшырып бүтүшү керек. (TSh)

XS
SM
MD
LG