Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:07

Иран университеттеги чабуулдан улам Ооганстанга тилектештик билдирди


Кабулда университеттеги чабуулда бери дегенде 22 адам курман болуп, ондогон киши жаракат алган.
Кабулда университеттеги чабуулда бери дегенде 22 адам курман болуп, ондогон киши жаракат алган.

Тегерандагы белгилүү жайлардын бири «Азади» өз мунарасына 5-ноябрда ооган желегинин түсүнө боёлгон жарык берди. Ооганстандагы Кабул университетине 2-ноябрда кол салуу болуп, бери дегенде 22 адам курман болгон жана ондогон адам жаракат алган. Иран баш калаасынын мэринин орун басары Мохаммад Реза Жавади Еганех ооган элинин азасын тең бөлүшөрүн айтты. Ал «Твиттердеги» баракчасына «Террорчулар Ооганстандагы жаштардын өмүрүн кыйса да, Тегеран менен Кабулдун биримдиги бизди сестентебиз дегендерге так жооп болуп саналат», деп жазды жана Иран желегине боёлгон мунаранын видеосун жарыялады.

Жергиликтүү басылмаларга ылайык, видеопроекция аркылуу кол салууда курман болгон оогандыктардын сүрөттөрү көрсөтүлдү жана ооган элине көңүл айткан билдирүүлөр жазылды.

Ушул аптанын башында Тегеран шаарынын жетекчилери Кабул университетиндеги кол салуудан курман болгон студенттер менен окутуучулар тууралуу эскерүүлөрдү жарнамаларга илген. Бул чабуулду «Ислам мамлекети» террордук тобу уюштурганын мойнуна алган.

Социалдык тармактарда ирандык жаштар ооган элине көңүл айтып жатышкан. Ирандын Тышкы иштер министрлиги чабуулду айыптап билдирүү тараткан жана «ооган өкмөтүнүн жана элинин террорчулук жана экстремизм менен күрөшүн колдой турганын» жарыялаган.

Катарда ушул тушта ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылы тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканына карабастан кол салуу, чабуул токтой элек.

XS
SM
MD
LG