Жалал-Абад шаарындагы Токтогул эс алуу багында аттракционго урунуп 11 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы маалымдады. Окуя 6-ноябрда болгон. Азырынча кырсыктын чоо-жайы тууралуу кенен маалымат бериле элек.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 283-беренеси (“Кардарлар үчүн коркунуч жаратуу”) боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.
2019-жылы июнь айында дал ушул эс алуу багында аттракциондо ойноп жатып 14 жаштагы кыз жерге кулап түшүп, ооруканага жаткырылган. Анын мээси чайкалып, оң билегинин сөөгү жабыркаган. Дарыгерлер кыздын мээсине операция жасашкан. (TB)