Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Жо Байден: АКШны бириктирген президент болом


АКШнын шайланган президенти Жо Байден жана жубайы Жилл Байден. Делавер. 7-ноябрь, 2020-жыл.
АКШнын шайланган президенти Жо Байден жана жубайы Жилл Байден. Делавер. 7-ноябрь, 2020-жыл.

Демократ Жо Байден 7-ноябрда шайлоону жеңгени маалым болгондон кийин жасаган билдирүүсүндө анын максаты мамлекетти бириктирүү экенин белгиледи. Делавэр штатындагы өз үйүнөн алыс эмес жерде тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, Байден буларды айтты:

«Бул өлкөнүн эли өз тандоосун жасады. Алар бизге таза жана ишенимдүү жеңиш тартуулашты. Биз Американын тарыхында эң көп - 74 миллион добуш менен уттук! Мен бөлүүгө эмес, бириктирүүгө умтулган, кызыл жана көк штаттарды эмес, жалпы Кошмо Штаттарды көргөн президент болууга ант беремин».

Дал ушул штаттан ал 1972-жылы 30 жашында сенатор болуп шайланып, чоң саясатка кадам таштаган.

Тарапташтары коронавирус пандемиясынан улам машинелеринен чыкпай, Байденди колдоп турушту. Демократтардын лидери «сынчыл риториканы токтотууга» чакырды.

Байден ишин COVID-19 пандемиясын көзөмөлгө алуудан баштай турганын билдирди. Ал «бул пандемияны жок кылуу үчүн болгон аракетин жумшарын» кошумчалады.

Ал эми азыркы президент Дональд Трамп утулганын мойнуна алуудан баш тартууда. Ал "Твиттерге" «Шайлоо азырынча аяктай элек» деп жазган. Ал айрым штаттарда добуштарды кайра саноо болорун кошумчалады. Анткен менен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн айтымында, добуштар кайра саналса деле шайлоонун жыйынтыгын өзгөртпөйт.

Байдендин жеңиши ал 7-ноябрда Пенсильвания штатында алдыга чыккандан кийин белгилүү болду. Американын мыйзамдарына ылайык, 538 мүчөдөн турган шайлоо коллегиясынын 270нин добуш алган киши президент болуп жарыяланат. Байден 279 добуш менен алдыга чыкты. Аризона, Жоржия, Түндүк Каролина, Аляска штаттарында ушул убакытка чейин добуш саноо уланууда.

Эми Байден кийинки жылдын 20-январында ант берип, кызматка киришет.

XS
SM
MD
LG