Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:22

АКШ: Жо Байден топтогон добуштардын саны боюнча рекорд койду


Бул шайлоодо коронавирус пандемиясынан улам миллиондогон жарандар алдын ала почта аркылуу добуш беришкен.
Бул шайлоодо коронавирус пандемиясынан улам миллиондогон жарандар алдын ала почта аркылуу добуш беришкен.

АКШда соңку президенттик шайлоодо ким жеңгени азырынча аныктала элек, бирок Демократтар партиясынан талапкер Жо Байден өлкө тарыхында эң көп добуш топтоду. Ага ылайык, ага 72 миллиондон ашык жаран добуш берди. Дональд Трампты болсо 68 миллиондон ашык шайлоочу колдоду.

Буга чейинки рекордду 2008-жылы шайлоодо Барак Обама орноткон. Ага ылайык, өлкө тарыхында биринчи ынды кара талапкерди колдоп 69, 5 миллион адам добуш берген.

АКШда шайлоочулар коллегиясынын 538 добушунун кеминде 270ин алган талапкер президент болуп шайланат. Ушул тушта Байден 253 добушка ээ болду, ал эми Трамп болсо 214 добуш топтоду.

Бул шайлоодо коронавирус пандемиясынан улам миллиондогон жарандар алдын ала почта аркылуу добуш беришкен. Ушул тушта чечүүчү деген айрым штаттарда бюллетендер толук саналып бүтө элек.

XS
SM
MD
LG