Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Беларуста «Демократия маршына» чыккан жүздөгөн адамдар кармалды


Минскте полиция митингге чыккандарды кармап баратат. Беларус, 8-ноябрь, 2020-жыл.
Минскте полиция митингге чыккандарды кармап баратат. Беларус, 8-ноябрь, 2020-жыл.

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Минск шаардык полициясы «уруксатсыз митингге» чыкканы үчүн он чакты адам кармалганын билдирди.

Баш калаада бул күнү мобилдик интернет иштеген жок. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү метро станциялары митингге бир саат калганда «жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн» деген жүйө менен жабылды.

«Демократия маршына» чыккандар оппозициянын ак-кызыл түстөгү желектерин көтөрүп жүрүштү. 7-ноябрда күч кызматкерлери Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылып көчөгө чыккан ондогон дарыгерлерди кармап кеткен.

Ошол эле күнү дарыгерлердин акциясын чагылдырып жүргөн «Наша Ніванын» кабарчысы Екатерина Карпицкая жана МБХ-Медианын өкүлү Раман Папков да кармалган. Беларустагы журналисттер ассоциациясы билдиргендей, аларды «Окрестино» абагына которушкан. Уюм ушу тапта Беларуста кеминде 14 журналист камакта экенин билдирди.

Беларуста бийликке каршы элдик толкундоолор 13 аптадан бери өтүүдө.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өткөн жана Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG