Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Сахаров сыйлыгы Беларустун оппозициясына ыйгарылды


Светлана Тихановская (ортодо,) Мария Колесникова (оңдо) жана Вероника Цепкало. Минск, 17-июль, 2020-жыл.

Европа парламенти Андрей Сахаров атындагы быйылкы сыйлыгын Беларустун демократиячыл өзгөрүүлөрдү талап кылган оппозициячыл күчтөрүнө ыйгарууну чечти. Бул тууралуу Европарламенттин төрагасы Давид Сассоли 22-октябрда жарыялады. Маалыматка ылайык, сыйлык 16-декабрда Брюсселде расмий түрдө тапшырылат. Сыйлыкка татыктуу болгон оппозиционерлердин арасында Светлана Тихановская, Мария Колесникова, Вероника Цепкало жана Нобел сыйлыгынын лауреаты Светлана Алексиевич да бар.

Советтик физик, диссидент Андрей Сахаров атындагы сыйлык адам укуктарын жана эркиндикти коргогон уюмдар менен адамдарга 1988-жылдан бери берилип келет. Былтыр бул сыйлык кытайлык уйгурлардын укуктарын коргоочу, жикчилдикке байланыштуу айыпталып өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Илхам Тохтиге берилген.

Беларустун оппозициясы 9-августтагы талаштуу шайлоодон кийин бийлик менен диалог өткөрүү максатында Координациялык кеңеш түзгөн. Кеңештин бир топ мүчөлөрү камакка алынып, айрымдары өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок Координациялык кеңеш алигиче ишин улантып келатат. Шайлоодон бери өлкөдө нааразылык акциялары токтобой жатат.

Бул аптада Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская өлкөнүн укук коргоо кызматкерлерин 25-октябрга чейин оппозицияны колдоп эл тарапка өтүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG