Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

«Кыргызфильмге» Акжолтой Бекболотов директор болду


Акжолтой Бекболотов.
Акжолтой Бекболотов.

Акжолтой Бекболотов «Кыргызфильм» улуттук киностудиясына директор болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы 22-октябрда кабарлады.

«Кыргызфильмдин» мурдагы директору Айбек Жангазиев өз арызы менен иштен бошогон.

Жаңы директор Акжолтой Бекболотов буга чейин «Айтыш» фондунда иштеген. Бир катар жергиликтүү жана эл аралык сыйлыктардын жеңүүчүсү.

«Кыргызфильм» 1941-1942-жылдары түптөлгөн.

XS
SM
MD
LG