Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Коронавирус кайра күчөгөн соңку үч аптада 58 бейтап көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пневмонияны козгогон коронавирус күчөгөн соңку үч аптада (28-сентябрь, 22-октябрь) Кыргызстанда 58 адам жашоо менен кош айтышты.

Өлкөдө коронавирус жай айларында күчөп, өлгөндөрдүн саны миңден ашкан. Августтун ортосунда оору жуккандардын катары суюлуп, сентябрь айында үч апта бою расмий эсепте киши өлүмү болгон эмес.

Октябрдан тартып вирус жугузгандар кайра көбөйүп, күнүнө үч-беш бейтап үзүлгөн учурлар расмий катталууда.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 22-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада 547 адамдан вирус жаңы аныкталды. Ооруп жаткандардын төртөө жашоо менен кош айтышып, 282си айыкты.

Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 54 006 адамды түзүп, 46 726сы сакайды. Көз жумгандар 1122ге жетти. (SE)

XS
SM
MD
LG