Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:26

«Conflict Intelligence Team»: Тоолуу Карабакта сириялык жалданма жоочулар согушууда


Азербайжан аскери.
Азербайжан аскери.

Тоолуу Карабактагы согушта сириялык жалданма жоочулар азербайжан тарапта согушуп жатканы тууралуу маалымат «Conflict Intelligence Team» (CIT) тобунун иликтөөсүндө жазылды.

Бул тууралуу «Кавказ.Реалии» сайты маалымдады.

Мурдараак социалдык тармактарда бир нече видеотасмалар жарыяланган, аларды согушкерлер өздөрү жайгаштырышы ыктымал. Тасмада Азербайжан чек арачыларынын формасын кийген аскерлер арабча сүйлөшүп жатканы байкалат.

CIT эксперттери белгилегендей, социалдык тармактын колдонуучулары бул тасмалар Азербайжандын көзөмөлүндө турган аймакта тартылганын тастыкташты. Сириялык жалданма жоочулар Гадрут кыштагынын аймагындагы согушуп жүргөн.

Карабак согушунда сириялык жалданма жоочулар катышып жүргөнү тууралуу мурдараак дүйнөлүк маалымат агенттиктери жазып чыккан.

«Washington Post» бул согушта кеминде 50 жоочу азери тарапта жүргөнүн жазган.

Түркия менен Азербайжан бул маалыматтарды четке кагып келет. Сириялык согушкерлер жөнүндө Франциянын президенти Эммануэл Макрон да айткан. Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө «Карабак чатагына Жакынкы Чыгыштан келген жоочулар катышып жатканына кабатыр экенин» билдирген.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабак аймагы үчүн 1980-жылдын аягынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

Быйыл 27-сентябрда Тоолуу Карабакта куралдуу чатак кескин курчуп кеткен. Эскалация үчүн Баку менен Ереван бири-бирин күнөөлөп жатат. Эки тараптан тең курман болгондор, анын ичинде карапайым жашоочулар арасында жоготуулар бар.

XS
SM
MD
LG