Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Аманбаев: «Азаттык» алып чыккан фактылар толук иликтенет


Бакыт Аманбаев.
Бакыт Аманбаев.

21-октябрда кыргыз өкмөтүнүн аппарат башчысы Бакыт Аманбаев «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасына катышканда, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов коррупциялык иштерге аралашканы тууралуу буга чейин «Азаттык» радиосунун журналисттери иликтеген фактылар толугу менен текшерилерин билдирди:

«Биздин максат мамлекеттин казынасын толтуруу, коррупционерлерди кустуруу. Убагында Атамбаев деле «миллиардермин» деп жүрдү. Азыркыга чейин камакта, бир тыйын төлөдүбү? Төлөгөн жок. Көрөсүңөр, «Азаттык» алып чыккан фактылардын баары иликтенет. Тартип коргоо органдары толугу менен иликтейт, сот ачык жүрөт. Мына ушунун баары азыр биздин планда бар».

Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана аты бар, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 20-октябрда кармалган. Ошол эле күнү анын бөгөт чарасын караган Биринчи май райондук соту Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, мамлекетке келтирген чыгымын толугу менен төлөп берүүгө убада бергенин эске алып, аны эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG