Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Шайлдабекова: Президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктоого дагы бир күн бар


Экс-президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо добуш берип жатат. Бишкек шаары, 4-октябрь, 2020-жыл.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо добуш берип жатат. Бишкек шаары, 4-октябрь, 2020-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жогорку Кеңештин карамагында президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныкташ үчүн дагы бир күн бар экенин эскертти. Ал бул тууралуу 21-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунан соң журналисттерге билдирди.

Парламент депутаттары 21-октябрдагы отурумунда президенттик шайлоонун мөөнөтүн кворумдун жетишсиздигинен улам аныктай алган жок. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жыйында шайлоо мөөнөтүн жарыялоонун мөөнөтү 21-октябрда бүтөрүн билдирген:

«Биз бүгүн аныктап, жарыялай албасак анда бүгүн (21-октябрь) саат 00:00дө президенттик кезексиз шайлоо жарыяланды деп эсептелет. БШКны эртеңден тартып иш планын түзүп, иштей берүүгө чакырам».

Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын маалыматына караганда, президенттик шайлоонун мөөнөтү 22-октябрдагы отурумда аныкталат. Бирок бул маалыматты парламенттин басма сөз кызматы ырастаган жок.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразылык массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер президент жана Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан. Дээрлик он күнгө созулган митингдерден соң, Кыргызстанда бийлик толугу менен алмашкан. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти. 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. 6-октябда тарапташтары абактан бошотуп алган экс-депутат Садыр Жапаров 14-октябрь күнү өкмөт башчы, 15-октябрь күнү президенттин милдетин аткаруучу болуп калды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG