Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

ЖККУнун баш катчысы Кыргызстандын өкмөт башчысын куттуктады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жамааттык Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Зась Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Куттуктоодо: «Кыргызстандын эл аралык чөйрөдө абройлуу, аймактык саясатта таасирлүү орду бар. ЖККУга кирген өлкөлөр уюмдун алкагында аскердик-саясий кызматташтыкты бекемдөөдө Кыргызстандын салымын жогору баалайт», - деп жазылган.

ЖККУнун баш катчысы өз куттуктоосунда премьер-министр Садыр Жапаровго бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгилик, Кыргызстандын элине туруктуу өнүгүү каалаган.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын акциясы массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер президент жана Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан.

Дээрлик он күнгө созулган митингдерден соң, Кыргызстанда бийлик толугу менен алмашкан. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип, 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.

6-октябда тарапташтары абактан бошотуп алган экс-депутат Садыр Жапаров 14-октябрь күнү өкмөт башчы, 15-октябрь күнү президенттин милдетин аткаруучу болуп калды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG