Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева АКШдагы президенттик шайлоодо уткан Жо Байденге жана вице-президент болору айтылган Камала Харриске «Твиттерден» куттуктоо жолдоду. Ал Кыргызстан менен мамиленин жаңы барагы ачыларын күтөрүн билдирип, «дүйнө Америкага кайрадан суктанат», деп жазды.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да Жо Байденди АКШнын президенти болуп шайланганы менен «Твиттерде» куттуктады.
АКШнын аскердик, саясий жактан жана экономикалык уюмдар боюнча өнөктөштөрү президенттик шайлоодо Жо Байденди куттукташууда. Азырынча Москвадан эч кандай реакция боло элек.
АКШда 3-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Жо Байден жеңгени 7-ноябрда маалымдалган.