АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байденди куттуктаган дүйнөлүк лидерлердин арасына Израил менен Сауд Арабиясыныкы кошулду.
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху өз куттуктоосун «Твиттер» аркылуу жиберди.
«Жо, биздин ортобузда 40 жылдан берки узак жана жылуу мамиле бар. Мен сизди Израилдин жакшы досу катары билем. АКШ менен Израилдин ортосундагы өзгөчө байланышты мындан ары бекемдөө максатында биргелешкен кызматташууну чыдамсыздык менен күтөм», деп жазды ал.
Нетаньяху ошондой эле Трамптын Израилдин кызыкчылыгын сүрөгөн, анын ичинде «Иранга каршы турган» айрым кадамдары үчүн ыраазчылыгын билдирди.
Сауд Арабиясынын падышасы Салмана бин Абдел Азиз жана тактынын мураскери, ханзаада Мохаммед бин Салман да Байденди мамлекет башчы болушу менен куттукташты.
7-ноябрда 77 жаштагы Жо Байден шайлоо коллегиясынын жетиштүү добушун топтоп, Трамптан алдыга озгондон кийин америкалык бир катар медиалар анын утканын жарыялашкан.
Германия, Франция, Канада, Британия сыяктуу мамлекеттердин лидерлери алгачкылардан болуп Байденди жана анын вице-президенти Камала Харристи жеңиши менен куттукташты.
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева да өз куттуктоосун жиберди.
Орусия менен Кытай азырынча үн ката элек.