Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Беларуста миңден көп киши кармалды


Минскиде бийликке каршы жүрүшкө чыккандарды күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кармап баратышат. 8-ноябрь, 2020-жыл.
Минскиде бийликке каршы жүрүшкө чыккандарды күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кармап баратышат. 8-ноябрь, 2020-жыл.

Беларуста 8-ноябрда бийликке каршы жүрүшкө чыккан миңден көп киши кармалды. Бул тууралуу «Весна» укук коргоо тобу билдирди.

«Азаттык» радиосунун беларус кызматынын маалыматына ылайык, баш калаа Минскинин көчөлөрүнө миңдеген адамдар чыкты. Бирок жүрүш баштала электе эле полиция алардын көбүн кармап кеткен.

Баш калаада бул күнү мобилдик Интернет иштеген жок. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү метро станциялары митингге бир саат калганда «жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн» деген жүйө менен жабылды.

Өлкөдө бийликке каршы элдик толкундоолор 13 аптадан бери өтүүдө.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өткөн жана Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери тынбай өтүп жаткан демонстрацияларда миңдеген адамдар кармалды. Оппозиция лидерлеринин көбү камалып, башкалары өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушту.

«Президенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, митингге чыккандарга зордук-зомбулук көрсөтүп, карапайым адамдарды себепсиз кармаганы үчүн» Евробиримдик Беларустун 55 жогорку даражалуу бийлик өкүлүнө, анын ичинде Александр Лукашенкого да санкция салды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG