Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Брюссель Лукашенко менен уулу баштаган адамдарга санкция салды


Беларуста Александр Лукашенконун кетишин, кайра шайлоо өткөрүлүшүн талап кылган нааразылык акциялар бир канча айдан бери токтой элек.
Беларуста Александр Лукашенконун кетишин, кайра шайлоо өткөрүлүшүн талап кылган нааразылык акциялар бир канча айдан бери токтой элек.

Европа Биримдиги Александр Лукашенко менен анын уулу Виктор баштаган беларус бийлигиндеги аткаминерлерге санкция салды. Мындай чечим уюмдун расмий журналына жарыяланды.

"Кара тизмеде" Лукашенконун басма сөз катчысы Наталья Эйсмонт, администрациясынын башчысы Игорь Сергеенко, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жетекчиси Иван Тертель баштаган ондогон аткаминер бар.

Евробиримдик аларды Беларустагы шайлоодо мыйзам бузууга, нааразылык акцияларындагы зордук-зомбулукка жооптуу деп тапты. Ага ылайык, аларга Евробиримдиктин аймагына кирүүгө тыюу салынат жана активдери камакка коюлат.

Өткөн айдын башында Брюссель Беларустагы шайлоодо мыйзам бузууга жол бергендиктен жана тынч жыйындарга чогулган жарандар кабылган зордук-зомбулуктан улам 40 адамды санкциялык тизмеге киргизген. Ал тизмеге Лукашенко кошулган эмес. Беларустун тышкы иштер министри буга тиешелүү жооп кайтарыларын эскерткен, бирок көрүлө турган чаралардын чоо-жайын тактаган эмес.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өткөн жана Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес, ошондон бери өлкөдө нааразылык акциялары токтой элек.

Күч органдарынын ашкере күч колдонуп демонстранттарды кууп таратканы, жарандык активисттер менен оппозиция өкүлдөрүнүн камалганы эл аралык коомчулукта сынга алынган.

Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү, АКШ жана Украина Лукашенкону легитимдүү президент катары тааныган эмес.

Сентябрь айынын аягында Британия Лукашенко менен анын уулу Викторго жана дагы алты аткаминерге санкция салган. Буга чейин Латвия, Литва менен Эстония Лукашенко баштаган 130 адамды «кара тизмеге» кошкон.

XS
SM
MD
LG