Америкалык «Pfizer» жана германиялык «BioNTech» компаниялары биргелешип чыгарган COVID-19га каршы вакцинасы сыноонун үчүнчү баскычында 90% натыйжалуу экенин көрсөттү.
Сыноого 43,5 миңдей ыктыярчы катышып, аларга вакцина жана анын плацебосу сайылган. Катышуучулардын арасынан коронавируска 94 гана адам чалдыккан.
Эки компания тең коопсуздук маселесинде олуттуу кыйынчылык байкалбаганын жана вакцинаны ыкчам колдонуу боюнча АКШ бийлигинин уруксатын күтүп жатышканын билдиришти.
«Бүгүн илим жана адамзат үчүн улуу күн», - деп билдирди «Pfizer» компаниясынын башчысы жана башкы аткаруучу директору Альберт Бурла.
Вакцина канча убакыт адамды коргой алары айтылган эмес. «BioNTech» компаниясынын аткаруучу директору Угур Сахин «Reuters» агенттигине бул вакцина адамды бир жылга чейин коргой аларына үмүттөнүп турганын билдирди.
Компаниялар 2020-жылы 50 миллион доза, ал эми 2021-жылы бир миллиарддан көп доза чыгарары божомолдонууда.
Коронавируска каршы вакцинанын сыноосу ийгиликтүү аяктаганы жарыялангандан кийин дүйнөдө мунайдын баасы кескин кымбаттады. «Pfizer» компаниясынын акциялары 14% көтөрүлдү.