Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Арменияда нааразы топ өкмөт имаратына бастырып кирди


Видеодон кесилген сүрөт.
Видеодон кесилген сүрөт.

Арменияда Тоолуу Карабактагы салгылаштын токтотулушуна каршы чыккан топ 10-ноябрга караган түнү нааразылык акциясына чыгып, өкмөттүн имаратына бастырып киришти. Бул тууралуу «News.amTV» каналы түз көрсөттү.

Миңдеген адамдар Ереванда шаар борборуна чогулуп, өкмөт башчы Никол Пашиняндын Тоолуу Карабакта атышпоо боюнча келишимге кол койгонуна нааразылык билдиришти. Алар «биз жерди бербейбиз» деген позицияда.

9-ноябрда түндө Азербайжандын, Армениянын жана Орусиянын президенттери Тоолуу Карабакта атышууну токтотуу боюнча бирдиктүү билдирүүгө кол коюшканы кабарланган. Никол Пашинян бул тууралуу «Фейсбукка» жазып, өзү жана эли үчүн оор чечим кабыл алганын айткан. Ал салгылашуу жүрүп жаткан аймактагы абалды эске алуу менен ушул кадамга барганын белгилеп, муну «жеңиш да эмес, утулуу да эмес» деп сыпаттаган.

«Спутник» агенттигинин армян кызматы орусиялык медиаторлор Тоолуу Карабакка барып, маселени жөнгө салууга салым кошо турганын жазган. Бирок бул тууралуу Кремль расмий маалымат тараткан жок.

Армения менен Азербайжандын ортосундагы талаштуу Тоолуу Карабакта абал 27-сентябрда курчуп, андан бери кеминде миң киши каза болду.

Акыркы кылымдарда армян улутундагы калк байырлап калган Тоолуу Карабак 1990-жылдардын башындагы согуш маалында Бакудан бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган.

Расмий Ереван Тоолуу Карабактын өз алдынчалыгы үчүн күрөшүп келген жикчилдерди колдойт.

XS
SM
MD
LG