Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:59

Чет өлкөдө окуган тажикстандыктар бийликке кайрылышты


Дүйшөмбү шаары.
Дүйшөмбү шаары.

Чет өлкөдө окуган тажикстандык студенттер коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам өлкөдөн чыга албай жаткандыктан бийликтен жардам сурашты.

Мындай өтүнүч менен 9-ноябрда 20га жакын студент Дүйшөмбүдөгү Тышкы иштер министрлигинин алдына чогулду. Алар Орусия жана башка өлкөлөргө билимин улантыш үчүн чыгууга жардам берүүнү суранышты.

Министрликтин өкүлдөрү студенттер менен жолугуп, бул маселе боюнча учурда бир нече өлкөнүн бийлиги менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдиришти.

Акцияга чыккан студенттер «Азаттыктын» тажик кызматына алар билим алган окуу жайлары онлайн окууга уруксат бергенин, бирок Тажикстанда Интернет кымбат жана начар болгондуктан, кыйынчылык жаралып жатканын айтышкан.

Алар электр жарыгынын көп өчүшү да билим алууга тоскоол болуп жатканын билдиришти.

Тажикстанда түмөндөгөн жарандар чет өлкөдөгү окуу жайларында билим алышат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядагы, Кытайдагы, Беларустагы, Казакстандагы жана Кыргызстандагы университеттерде окуйт.

XS
SM
MD
LG