Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

АКШ Беларустун британ дипломаттарына карата чечимин айыптады


Беларустагы оппозициянын жүрүшүндөгү кармоо учуру.
Беларустагы оппозициянын жүрүшүндөгү кармоо учуру.

АКШ беларус бийлигинин эки британ дипломатын өлкөдөн чыгаруу чечимин айыптады. Бул тууралуу 11-ноябрда Кошмо Штаттардын расмий өкүлү Кейл Браун жасаган билдирдүүдө айтылат.

Анда «Бул беларус бийлиги актоого болбой турган жана негизсиз кадамы - демократия үчүн күрөштө беларустар, активисттер, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү күн сайын туш болгон куугунтук менен репрессияны жаап-жашыруунун акыркы аракети», -деп белгиленген.

Мамдепартаменттин өкүлү беларус бийлигин элдин талабына көнүп, куугунтукту токтотуп, кайра шайлоо өткөрүүгө чакырды.

9-ноябрда Беларустун бийлиги эки британ дипломатын нон-грат персонасы деп жарыялаган. Аларды «өз макамына ылайык келбеген деструктивдүү ишмердик жүргүзгөн» деп айыптаган.

Ошондон кийин буга жооп кылып Британиянын өкмөтү беларус дипломатын өлкөдөн чыгарарын жарыялаган болчу.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өткөн жана Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес, ошондон бери өлкөдө нааразылык акциялары токтой элек.

Күч органдарынын ашкере күч колдонуп демонстранттарды кууп таратканы, жарандык активисттер менен оппозиция өкүлдөрүнүн камалганы эл аралык коомчулукта сынга алынган.

Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү, АКШ жана Украина Лукашенкону легитимдүү президент катары тааныган эмес.

Евробиримдик өткөн аптада Александр Лукашенко менен анын уулу Виктор баштаган беларус бийлигиндеги аткаминерлерге санкция салган.

XS
SM
MD
LG